Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындыгы башкы консулдугу


Алматы шаарында Кыргызстандагы туристтик сезон-2019га арналган пресс-конференция өткөрүлдү.


Алматы шаарында Кыргызстандагы туристтик сезон-2019га арналган пресс-конференция өткөрүлдү.

Кыргызстанда турсттик сезонду ачуу боюнча иш-чаралардын алкагында, 2019-жылдын 7-июнунда Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаменти жана Казахстандык туристтик ассоциациясы менен бирге Ысык-Көлдүн жээгинде ачыла турган туристтик сезонго арналган пресс-конференция өткөрдү.

Пресс-конференцияда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары - Туризм департаментинин директору М.Дамир уулу, Ысык-Кол районунун акими Д.Иманалиев жана Кыргызстандын курорттор ассоциациясынын өкүлү Н.Эстемесова катышышты. Ошондой эле пресс-конференцияга Казакстандын туристтик компанияларынын жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чакырылды.

Иш-чара убагында Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү пресс-конференциянын катышуучуларын туристтик сезонду ачууга даярдыктардын жыйынтыктары, кезектеги туристтик сезондо чет олколук конокторду сапаттуу денгээлде тосуп алуу үчүн жана эс алуучуларга жагымдуу жана ылайыктуу шарттарды түзүү боюнча жүргүзүлгөн иштеринде Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун аракеттери жана ийгиликтуу жетишкендиктери менен тааныштырышты.

Жашы жете элек балдарды Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик чек арасынан өткөзүү талаптары, Ысык-Көл обласынын Тамчы айылындагы эл аралык аэропортунун иштоосу, «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагындагы жол коопсуздук чараларын жогорулатуу, инфратүзүм шарттарын жакшыртуу жана башка суроолор талкууга алында.

Башкы консул

Байланыштар

050051, Казакстан Республикасы, Алматы шаары, Луганский көчөсү, 30А
т.: +7 (727) 264-22-12
ф.: +7 (727) 238-40-70
Веб-сайт: https://mfa.gov.kg/almaty E-mail: kgconsulate.almaty@mfa.gov.kg

Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы Башкы консулдугунун ишеним телефону

+7 (727) 2916610 +77778150072 WhatsApp

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ишеним телефону жана чет өлкөдөгү Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн ыкчам байланышы

+996 (312) 66-06-75
+996 (312) 62-50-88

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат Департаментинин ишеним телефону

+996 (312) 66-34-05

Алматы шаарындагы ИИМдин өкүлү

Мамлекеттик сайттардын шилтемелери

Кыргыз Республикасынын Президенти

www.president.kg

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

www.kenesh.kg

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

www.gov.kg

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги

http://www.mfa.gov.kg/

Архив

Статистика